"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

«Бийликтин, жаран коомунун жана медианын социалдык өнөктөштүгү» конференциясы

15-декабрда Бишкекте Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - ачык ЖМК» долбоору «Бийликтин, жаран коомунун жана медианын социалдык өнөктөштүгү» деген темада жыйынтыктоочу конференцияны өткөрдү. ЖМК үчүн пресс-конференция уюштурулуп, анын журүшүндө долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн бардык компоненттери боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Коноктордун назарына «форум-театрдын» театралдаштырылган көрсөтүүсү, видео жана фотоматериалдар тартууланды, дагы уюштурулган интерактивдүү программанын алкагында https://kahoot.com/ платформасында викторина өткөрүлдү.

Читать далее >>


Коомдук кеңештерге 10 жыл - жарандык катышуунун эффективдүү институттарынын бири» конференциясы

Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар – ачык ЖМК» долбоору «Коомдук кеңештерге 10 жыл - жарандык катышуунун эффективдүү институттарынын бири» деген темада конференция уюштурду. Иш-чара 2021-жылдын 18-ноябрында саат 14:00 дөн 18:00 гө чейин «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында өттү.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештердин координациялык кеңешинин өкүлдөрү Төлөнбек Абдыров жана Аида Курбанова конференциянын модераторлору болушту.

Читать далее >>


Журналисттер арасындагы сынак 2021

Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - ачык ЖМК» долбоору журналисттер арасындагы «Ачык Кыргызстан 2021» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин уюштурду. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнүнө арналды.

Иш-чара 2021-жылдын 05-ноябрында Бишкектеги «Шератон» мейманканасында өнөктөштөрдүн жылдык медиа конференциясынын алкагында өттү. 113 адам катышты.

Читать далее >>


Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар – Ачык ЖМК» долбоорунун кичи-гранттык компонентинин жыйынтыктарынын презентациясы

Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - Ачык ЖМК» долбоору «Долбоордун кичи-гранттын компонентинин жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү» темасындагы иш-чара өткөрдү.

Жолугушуу 2021-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында өттү.

Катышуучулардын саны: 30, анын ичинен 18 кичи гранттын өкүлдөру, 9 журналист жана 3 өнөктөш.

Читать далее >>


2021-жылы медиа адистери үчүн региондордо практикалык семинарлар

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Карылар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «Поколение-XXI» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана 2021 жылы Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл облустарында “РЕГИОНАЛДЫК МЕДИА ЖУРНАЛИСТТЕРИ УЧУН ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР” аттуу практикалык семинарларды өткөрдү.

Читать далее >>


2021-жылдын кичи-гранттары

2021-жылдын февраль айында жарыяланган кичи-гранттар сынагынын жыйынтыгы боюнча Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук - ачык медиа” долбоору Кыргыз Республикасынын жети аймагынан келген сегиз долбоордук демилгени колдоду.

Долбоордун кичи-гранттык компоненти идеялардын, пикирлердин жана маалыматтардын эркин алмашуусуна өбөлгө түзгөн жана коомдун мүчөлөрүнө коомдук кызыкчылык жараткан маселелер боюнча өз пикирлерин түзүүгө мүмкүндүк берген тармактар аралык диалогду күчөтүүгө багытталган.

Сынактын негизги максаты – жергиликтүү активисттерди адам укуктарын, өзгөчө сөз жана сөз эркиндигин илгерилетүүгө жана коргоого үндөө.

Читать далее >>


2021 жылдын бириктирилген окутуулар

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Карылар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана 2021 жылы КРнын Кичи Коомдук Кеңештеринин мучөлөрүнө, ЖМКнын өкүлдөрүнө окутууларын улантууда. Окутуулардын программасы укук, журналистика жана PR эксперттери менен биргеликте иштелип чыккан.

Тренерлер: Юлия Воцлава, Эркин Исакулов, Марат Токоев, Тагжана Айдаралиева, Акылбек Ташбулатов

Тилдер: орус жана кыргыз

1. Чуй облусу, Бишкек шаары:

Бишкек шаарында окутуулар 2021 жылдын 25-26 февралда өттү.

Читать далее >>


Ачык диалог аянтчалары

Чүй облусундагы "Экологиялык көйгөйлөрдөн социалдык жана экологиялык өнөктөштүккө" темадагы ачык маектешүү аянтчасы, 24.02.2021 >>

Ош облусундагы "Миграциянын тобокелдиктери жана кесепеттери" темадагы ачык маектешүү аянтчасы, 18.03.2021 >>

Жалал-Абад облусундагы "Миграциянын тобокелдиктери жана кесепеттери" темадагы ачык маектешүү аянтчасы, 22.04.2021 >> 

Талас облусундагы "ЖАҢЫ МУУНДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮДӨГҮ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК" темадагы ачык маектешүү аянтчасы, 27.05.2021 >>

"СОЦИАЛДЫК НАРЫН: ЭКОЛОГИЯ, БИЛИМ БЕРҮҮ, МИГРАЦИЯ" Нарын облусубоюнча ачык маектешүү аянтчасы, 18.06.2021 >>

"БАТКЕН ОБЛУСУНУН ӨЗГӨЧӨ СТАТУСУ" темасындагы АЧЫК МАЕКТЕШҮҮ АЯНТЧАСЫ, 08.07.2021 >>

"Аймакты өнүктүрүү багыттары: Ысык-Көл облусунун келечегинин элеси" Ысык-Көл облусу боюнча ачык маектешүү аянтчасы, 29.07.2021 >>

 


Европа Биримдигинин «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун командасы #COVID19 пандемиясы жана Өзгөчө абал маалында долбоордун максаттуу тобу, бенефициарлар, ошондой эле социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жалпы эле калк үчүн түз эфирде актуалдуу темаларга онлайн-программа менен вебинарлардын сериясын өткөрду. Аларга КРдин Омбудсмени, ар түрдүү министрликтин өкүлдөрү, психологдор жана журналисттер катышкан. Эфирдин видеолору биздин YouTube баракчабызда жеткиликтүү

Читать далее >> 


Медиа форум

Кыргызстандагы Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук – ачык медиа” долбоорунун алкагында Медиа Форум өттү.

Медиа форумдун максаты Кыргыз Республикасынын көз карандысыз маалымат мейкиндигин, сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү биргелешип бекемдөө учүн форумдун катышуучуларынын ортосундагы өз ара баарлашуусун түзүү.

Өткөрүү орду:Бишкек шаары, «Достук» мейманканасы, «Империал Конгресс-холл» конференц-залы.

Форумдун катышуучулары: мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, коомдук кеңештердин, эларалык уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү.

Читать далее >>


Окутуулар

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана КРнын Кичи Коомдук Кеңештеринин мучөлөрүнө, ЖМКнын өкүлдөрүнө окутууларды өткөрүп жатат.

Окутуулардын программасы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жана телерадио уюмунун Ассоциациясы менен биргеликте иштелип чыккан.

  • 2020 жылдын 01-июлунда Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун Кичи Коомдук Кеңештердин мучөлөрүнө “Маалымат пандемия учурундагы санарип сабаттулук” темасындагы окутуу өттү. Бул окутуу «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун алкаганда бардык облустарда бир катар окутуулардын биринчиси болуп пландаштырылган. Маалымат менен иштөөдө тренерлер катышуучулар менен социалдык тармактардагы, мессенжерлердеги санарип инструменттери менен бөлүшүштү.

Читать далее >>


 Заседания Малых Общественных Советов

В рамках проекта Европейского Союза "Открытые сообщества - Открытые СМИ", ведется работа с 21 Малыми общественными советами (МОС) по всей республике.

  • Что такое Малый общественный Совет (МОС)?
    Малые общественные советы - это организационная, территориально обозначенная структура, созданная на добровольных началах включающая в себя активистов общественности (квартальных, членов судов аксакалов), представителей правоохранительных органов, основной деятельностью которой является оказание комплексной социально-правовой помощи населению определенной территории.
  • Для чего создаются МОС?
    Малые общественные советы созданы в целях координации и взаимодействия местного сообщества, медиа и органов местного самоуправления для достижения согласованных решений по наиболее важным для населения вопросам общественного, экономического, социально-культурного развития.

Читать далее >>

 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.