"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Карылар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана 2021 жылы КРнын Кичи Коомдук Кеңештеринин мучөлөрүнө, ЖМКнын өкүлдөрүнө окутууларын улантууда. Окутуулардын программасы укук, журналистика жана PR эксперттери менен биргеликте иштелип чыккан.

Тренерлер: Юлия Воцлава, Эркин Исакулов, Марат Токоев, Тагжана Айдаралиева, Акылбек Ташбулатов

Тилдер: орус жана кыргыз

1. Чуй облусу, Бишкек шаары:

Бишкек шаарында окутуулар 2021 жылдын 25-26 февралда өттү. 30 адам катышты, анын 6 эркек, 24 аял. Окутуунун биринчи күнү Юлия Воцлава жана Эркин Исакулов тренерлердин катышуусу менен “Адам укугунун концепциясы жана теңдештик менен укук берүү суроолоруна эларалык мамиле” атту темасында өттү.

Марат Токоев, Тагжана Айдаралиева окутуунун экинчи күнүн «Бейөкмөт уюмдар менен ЖМКлардын натыйжалуу өз ара баарлашуусу. Медиа сабаттуулук жана социалдык медиадагы жумуш» темасы менен өткөрүштү.

Программада демократия, мыйзамдуулук, адам укуктарынын классификациясы жана түрлөрү, ошондой эле дискриминация түшүнүктөрү камтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар менен практикалык көнүгүүлөр жана жеке консультациялар уюштурулду.

Байланыш түзүү жана иш-чаранын натыйжалуулугун изилдөө максатында катышуучулар үчүн анкеталар иштелип чыкты, анда семинардын темаларын уюштуруу жана актуалдуулугу боюнча сунуштар жана сын-пикирлер баяндалган.

Мындан тышкары, “Иш аракеттердин планы” деген документ даярдалып, анда ар бир катышуучу алган билимине таянып, мындан аркы иш-чаралардын планы менен кеңири бөлүштү.

    

 

2. Ош облусу:

Окутуулар Ош шаарында 2021 жылдын 16-17 мартта өттү. 30 адам катышты, анын 7 эркек, 23 аял. Тренингдин биринчи жана экинчи күндөрү катышуучулар менен интерактивдүү командалык оюндар форматында өттү. Өткөн тренингде толтурулган анкетанын жана “Иш-аракеттердин планы” документинин негизинде жүргүзулгөн анализге ылайык, эксперттер практикалык көнүгүүлөр түрүндө катышуучулар менен өз ара аракеттенүү максатында жаңы шаймандарды сунушташты.

Журналисттер жана активисттер “Интервьюга кандай даярдык керек? ЖМК менен Бейөкмөт уюмдарынын өз ара пайдалуу кызматташтык жолдору. Комплекстүү байланыш стратегиясы деген эмне жана анын маанилүүлүгү эмнеде?” темалар боюнча билим алышты.

         

    

 

3. Жалал-Абад облусу:

Окутуулар 2021 жылдын 20-21 апрелде Жалал-Абад шаарында өттү. 30 адам катышты, анын 16 эркек, 14 аял. “Адам укугунун концепциясы жана теңдештик менен укук берүү суроолоруна эларалык мамиле” атту темасын Юлия Воцлава, Эркин Исакулов жана Акылбек Ташбулатов үч эксперт окуп берди.

Марат Токоев, Тагжана Айдаралиева медиа-эксперттери «Бейөкмөт уюмдар менен ЖМКлардын натыйжалуу өз ара баарлашуусу. Медиа сабаттуулук жана социалдык медиадагы жумуш» темасын деталдуу түшүндүрүп кетти. Окуу курсу суроо-жооп форматында өттү. Чакырылган тренерлер угуучуларга материалдарды кыргыз жана орус тилдеринде эркин жеткиришти. Программа динамикалуу жана маалыматтуу болду.

               

    

 

4. Талас облусу:

Окутуулар 2021 жылдын 25-26 майда Талас шаарында өттү. 30 адам катышты, анын 10 эркек, 20 аял.

Тренерлер экиден турган командада иштешти. Биринчи командада Юлия Воцлава, Эркин Исакулов катышуучуларга негизги темаларды окушту:

  • Адам укугун чектөө,
  • Милдеттемелерден четтөө,
  • Дискриминация түшүнугү ж.б.

Марат Токоев, Тагжана Айдаралиева медиа-эксперттери темаларды окушту:

  • Жакшы пресс-релиз деген эмес жана ал эмнеге керек?
  • Медиадагы натыйжалуу иш
  • Комплекстүү байланыш стратегиясы деген эмне жана анын маанилүүлүгү эмнеде?

    

               

 

5. Нарын облусу:

Окутуулар 2021 жылдын 25-26 майда Талас шаарында өттү. 31 адам катышты, анын 13 эркек, 18 аял.

Окутуулар журналисттер жана КККнын мүчөлөрү үчүн уюштурулду. Катышуучулар адам укуктары жана медиасабаттуулук жаатында билим алышты. Семинарлар практикалык көнүгүүлөр жана топтук иштер менен динамикалуу өттү.

    

      

 

6. Баткен облусу:

2021 жылдын 06-07 июлда Баткен шаарында Баткен облусу үчүн атайын түзүлгөн окутуулар өттү. 33 адам катышты, анын 13 эркек, 20 аял.

Окутуулар «Чек ара аймактарындагы ЖМКнын ишинин өзгөчөлүктөрү. Санарип гигиенасы. “Маалымат алууга жана ой-пикирди билдирүүгө болгон укук» темалар боюнча өткөрүлдү. Семинарлар практикалык көнүгүүлөр жана топтук иштер менен динамикалуу өттү.

                                                    

        

 

7. Ысык-Көл облусу:

2021-жылдын 27-28 июлунда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында медиа сабаттуулук жана адам укуктары боюнча тренерлердин катышуусу менен окутуулар өттү. 4 машыктыруучу чакырылган: Юлия Воцлава, Эркин Исакулов, Тагжана Айдаралиева жана Марат Токоев. Тренерлер кыргыз жана орус тилдеринде эркин окушту.

Приняло участие 28 человек, из них 8 мужчин, 20 женщин.

Окутуунун жүрүшүндө бир нече ыкмалар колдонулду: оюндар, ролдук оюндар, презентациялар, дискуссиялар, катышуучулардын өз алдынча иштери. Жыйынтыгында окуучулардан программанын темаларынын актуалдуулугу, машыктыруучулардын кесипкөйлүгү, материалдын теориясы менен билимди бекитүү максатында комплекстик планын иштеп чыгуусу ошондой эле оюн учурларынын бар болушу боюнча жакшы ой-пикирлерди алдык. Мындан тышкары, катышуучулардан кийинки темалар боюнча көптөгөн сунуштарды алдык, мисалы:

  1. Жабык мекемелер, мамлекеттик кызматкерлер менен иштөө;
  2. МТ менен байланышкан иштер үчүн технологиялардын жаңы мүмкүнчүлүктөрү;
  3. Финансылык сабаттуулук;
  4. Бизнес пландаштыруу жб.

          

      

 

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.