"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

2021-жылдын февраль айында жарыяланган кичи-гранттар сынагынын жыйынтыгы боюнча Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук - ачык медиа” долбоору Кыргыз Республикасынын жети аймагынан келген сегиз долбоордук демилгени колдоду.

Долбоордун кичи-гранттык компоненти идеялардын, пикирлердин жана маалыматтардын эркин алмашуусуна өбөлгө түзгөн жана коомдун мүчөлөрүнө коомдук кызыкчылык жараткан маселелер боюнча өз пикирлерин түзүүгө мүмкүндүк берген тармактар аралык диалогду күчөтүүгө багытталган.

Сынактын негизги максаты – жергиликтүү активисттерди адам укуктарын, өзгөчө сөз жана сөз эркиндигин илгерилетүүгө жана коргоого үндөө.

Кичи-гранттар сынагы коомдук кеңештер жана журналисттер менен биргеликте жарандык коом уюмдарынын демилгелерин бекитти.

Сынактын жеңүүчүлөрү жана алардын долбоордук демилгелери:

  1. “Нарын экономикалык өнүгүү борбору” КК. “Нарын облусунун ККК тармагынын мүчөлөрүнүн потенциалын жогорулатуу жана ЖМК менен кызматташуу” долбоору социалдык түйүндөрдө тармактын мүчөлөрүнүн ишин күчөтүү, ЖМК менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү жана долбоордук сунуштарды терең окутуу (каражат чогултуу) максатын көздөйт. 
  2. “Глобалдык өзгөрүүлөр фонду” КФ - “Мигранттардын балдарынын татыктуу келечекке болгон укуктары” долбоору. Долбоор КККнын, РККнын потенциалын жогорулатуу аркылуу балдарга карата болгон зомбулукту азайтууга жана кароосуз калган эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын сактоого, көмөктөшүүгө багытталган. Нарын шаарында, Ат-Башы районунда жашаган балдардын укуктарын камсыздоонун жана коргоонун механизмдери жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана мигранттардын балдарынын абалы тууралуу коомдук мониторинг жүргүзүү механизмин киргизүү. 
  3. “Ысык-Көл аялдар коомдоштуктарынын Ассоциациясы - “Ысык-Көл облусундагы өнөктөштүктө мигранттардын алсыздыгын азайтуу” долбоору. Долбоор Каракол шаарындагы миграция боюнча коомдук кеңеш, мэрия жана Ысык-Көл облусунун көз карандысыз журналисттери менен өнөктөштүктө Каракол шаарындагы мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын жана аялуулугун коргоо маселелерин чечүү боюнча мыкты тажрыйбаларды жана инновациялык ыкмаларды жайылтууга багытталган. 
  4. "Коомдоштукту бириктирүү" КБ - “Эл-Үнү” медиа борбордун ачылышы. Долбоор бириктирүүгө жана мейкиндикти түзүүгө багытталган, анын негизинде КККнын мүчөлөрү бирдиктүү концептуалдык базага жана медиа мейкиндик менен иштөөдө компетенттүүлүк топтомуна ээ болгон жаш журналисттер, блоггерлер менен бирге иштешет. 
  5. “Айыл турмушу” КБ – “Медиа ресурс, жарандардын жашоо шартын жакшыртуу куралы катары» долбоору. Долбоор көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине активдүү катышуусуна көмөктөшүүгө багытталган. 
  6. “Инсан-Лейлек” КБ - “Баткен облусундагы миграция маселелери боюнча төрт ККК үчүн позитивдүү коммуникацияларды иштеп чыгууда жана алга вылдырууда медиа технологиялык долбоор. Долбоор COVID-19 пандемиясынан кийинки кыйынчылыктарды жана мигранттардын балдары менен мигрант аялдардын 2021-2025-жылдардагы көйгөйлөрүн эске алуу менен пилоттук төрт ККК үчүн маалыматтык, коммуникациялык стратегиянын Медиа Планын иштеп чыгууга багытталган. 
  7. “Бириккен элдеринин уюму” КБ – “Талас облусундагы ККК жана ЖМК менен биргеликте адам укуктарын коргоо” долбоору. Долбоор секторлор аралык диалогду жакшыртууга, Талас шаарында жана Талас облусундагы коомдук маанидеги маселелер боюнча эркин пикирлерди калыптандыруу үчүн коомчулуктун өкүлдөрүнө эркин пикир жана маалымат алмашуу максатында көмөктөшүүгө багытталган. 
  8. “АИР Колдоо” КБ – “Айылдык аялдардын укуктук сабаттуулугун жоорулатуу” долбоору. Долбоор жашоочулардын адам укуктарына, сот жана укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүгүн азайтууга багытталган. Аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча коомдук иштерге жана жергиликтүү чечимдерди кабыл алуу процессине жарандардын активдүү катышуусун кубаттоо.

 

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.