"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

  • Европа Биримдигинин «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун командасы #COVID19 пандемиясы жана Өзгөчө абал маалында долбоордун максаттуу тобу, бенефициарлар, ошондой эле социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жалпы эле калк үчүн түз эфирде актуалдуу темаларга онлайн-программа менен вебинарлардын сериясын өткөрду. Аларга КРдин Омбудсмени, ар түрдүү министрликтин өкүлдөрү, психологдор жана журналисттер катышкан. Эфирдин видеолору биздин YouTube баракчабызда жеткиликтүү:
    https://www.youtube.com/channel/UCLuzo8zczxm0xX27gfUUUoA/
  • • 2020-жылдын 09-июнунда Бишкек шаарында медиакоомчулуктун өкүлдөрү жана Европа Биримдигинин «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун командасы менен пресс-кафе өткөн. Бул иш-чарага мамлекеттик жана жеке менчик масс-медиалар катышкан. Жолугушуунун модератору Инга Сикоркая, Борбордук Азиядагы тынчтык сактоочу жана медиа технологиялар мектеби программасынын директору болду. Иш-чаранын жүрүшүндө 2020-жылдын январь-февраль айларында долбоордун алкагында өткөрүлгөн иликтөөнүн бет ачары болду. Көз карандысыз эксперт, Коомдук технологиялар борборунун жетекчиси Мадеюев А.Н. «Баардык долбоорлук региондун эн аялуу топторунда сөз эркиндигинин жана ой-пикирди билдирүүнүн деңгээлин баалоо» аттуу иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
    Жолугушуунун жүрүшүндө интерактивдүү талаш-тартыш болуп, катышуучулар маалыматка жеткиликтүүлүк жана анын сапаты боюнча пикирлерин билдирди. Долбоордун координатору Светлана Баштовенко долбоордун ишмердүлүүгү, алдыдагы тренингдер жана журналисттер үчүн сынактар тууралуу айтып берди.
    Маектин жүрүшүндө, негизги иш-чаралардын кийинки стратегиялык кадамдары боюнча жаңы идеялар, ошондой эле жогорку жыйынтыкка жетишүү максатында биргелешкен иш-аракеттер угулду. Мындай жумушчу жолугушууларды уюштуруу демилгесин тараптар туура деп белгилешти. 
  • 9-июнда, Бишкек шаарында «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун өнөктөштөрү менен брифинг-жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Делегациясынын долбоорлор менеджери – Айым Бапанова, Европа Биримдиги тарабынан каржыланган эларалык программалардын өкүлдөрү, ошондой эле негизги өнөктөштөр – долбоордун алкагындагы меморандумдарга кол коюучулар катышты. Долбоордун координатору Светлана Баштовенко катышуучуларга долбоордун карантин жана өзгөчө абал маалындагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. Атап айтканда, кеп, актуалдуу темалар боюнча уюштурулган түз эфир жана вебинарлар тууралуу жүрдү. Мындан тышкары, өзгөчө абал маалында Кыргыз Республикасынын региондорунда бирдиктүү маалыматтык айдыңды түзүү, региондордон түшкөн маалыматты тескөө жана мамлекеттик органдар, медиа жана кичи коомдук кенештердин өкүлдөрү ортосунда өз ара баарлашууну куруу максатында түзүлгөн онлайн-штабдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын бет ачары өткөрүлдү.
    Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар региондордогу алдыдагы биргелешкен окутуучу тренингдер боюнча кызматташтыкты, жаңы идеялар менен сунуштарды талкууга алышты. «Баардык долбоорлук региондун эң аялуу топторунда сөз эркиндигинин жана ой-пикирди билдирүүнүн денгээлин баалоо» аттуу иликтөөнүн жыйынтыгынын бет ачары уюштурулуп, анын жүрүшүндө интерактивдик талаш-тартыш менен пикир алмашуу болду.

<< Иш-аракеттер

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.