"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - ачык ЖМК» долбоору журналисттер арасындагы «Ачык Кыргызстан 2021» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземин уюштурду. Салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи Кыргызстандын маалымат жана басма сөз күнүнө арналды.

Иш-чара 2021-жылдын 05-ноябрында Бишкектеги «Шератон» мейманканасында өнөктөштөрдүн жылдык медиа конференциясынын алкагында өттү. 113 адам катышты.

2021-жылдын сентябрь айында журналисттер арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгында көз карандысыз сынак комиссиясы түзүлүп, Кыргыз Республикасынын жети аймагынан беш жеңүүчүнү тандап алган:

  1. «Аймактык көйгөйлөрдү чагылдыруу боюнча мыкты чыгармачыл иш» номинациясында материалдардын сериясы үчүн «ФОТОЖУРНАЛИСТТЕР СОЮЗУ» коомдук уюмунун кызматкери Влад Ушаковго татыктуу болду.
  2. «Кыргыз Республикасынын сөз эркиндигин, адам укуктарына көмөк көрсөтүү, ошондой эле калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо боюнча мыкты иш» номинациясында бир катар материалдар үчүн Ош шаарынын «Ынтымак» КРТРКсынын журналисти Нуржамал Баргыбаева сыйланган.
  3. Мария Орлова, Татьяна Кудрявцева, Гулмира Маканбай кызы жана Надежда Хабичевская катышкан 24.kg командасы “Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясын чагылдыруу боюнча мыкты иш” номинациясында сыйланды.
  4. “Бир айылдын жана/же көйгөйлөрүн чагылдыруу боюнча мыкты иш” номинациясында Kloop.kg Ош облустук редакциясынын Айбийке Адилет кызы жана Хамидулло Узаков кызматкерлери материалдарынын сериясы үчүн сыйланды.
  5. “Аймактык медиа борбордун мыкты иши” номинациясында журналист Бактыкан Ажымаматованын материалы үчүн аймактык Жалал-Абад медиа борбору сыйланды.

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.