"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

15-декабрда Бишкекте Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - ачык ЖМК» долбоору «Бийликтин, жаран коомунун жана медианын социалдык өнөктөштүгү» деген темада жыйынтыктоочу конференцияны өткөрдү. ЖМК үчүн пресс-конференция уюштурулуп, анын журүшүндө долбоордун эки жылдык ишмердүүлүгүнүн бардык компоненттери боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Коноктордун назарына «форум-театрдын» театралдаштырылган көрсөтүүсү, видео жана фотоматериалдар тартууланды, дагы уюштурулган интерактивдүү программанын алкагында https://kahoot.com/ платформасында викторина өткөрүлдү.

Катышуучулар үчүн «Аудитория менен сүйлөшөлү» темада «ачык микрофон» берилди жана Ош, Чүй жана Нарын облустарынын кичи-гранттык компонентинин ийгиликтин эң жакшы баяндамалары уктурулду.

Мындан тышкары, чакырылган коноктор GSI Институту (Германия) жана Казахстан, Германия жана Кыргызстандын эксперттери менен уюштурулган «Жарандык коомунун өнүгүүшүндөгү чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темадагы ивент-сайтына катышты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө кичи коомдук кеңештер жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик органдар, жарандык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн жана аймактардагы көйгөйлөрдү системалык негизде чечүүдө натыйжалуу көпүрө болушарын айтты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, спорт жана жаштар саясатынын министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Салкын Сарногоева социалдык программаларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда тартуу үчүн активдештирүү, ошондой эле экстремизм, кастыктын жана чыдамсыздыктын тарашына алдын алууда ЖМКнын жарандык коому менен өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Активисттер Кыргызстан аймактардан башталарын баса белгилешти. Кичи коомдук кеңештер жер-жерлерде жарандардын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн актуалдуу жана натыйжалуу кыймыл катары керек.

Буга кошумча, иш-чарада долбоордун координатору Баштовенко С.Н., КР Акыйкатчы Аппаратынын жетекчиси Азарбекова А.Н, КР МОККнин төрагасы Абдырова Т.Ш., медиа-эксперт Исманова А. жана башка өнөктөштөр чыгып сүйлөштү.

Негизинен, конференциянын катышуучулары жарандык коом коомдук кеңештердин, жарандык уюмдардын, мамлекеттик органдардын, муниципалдык бийликтин жана медианын атынан бардык чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелерде коомдук көзөмөлдүн актуалдуу багыттары боюнча системалык жумушту жөнгө салышы керек экен жыйынтыкка келишти, анын ичинде мамлекеттик маалыматтык саясатты камсыз кылууда. Мындан тышкары, өнөктөштүктүн абалы, көйгөйлөрү жана келечектеги пландары талкуланып резолюция иштелип чыкты.

Иш-чаранын аягында долбоордун өнөктөштөрү жана активдүү катышуучулары ыраазычылык каттарды алышты.

 

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.