"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Улгайган адамдар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «XXI Кылым мууну» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана КРнын Кичи Коомдук Кеңештеринин мучөлөрүнө, ЖМКнын өкүлдөрүнө окутууларды өткөрүп жатат.

Окутуулардын программасы КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти жана телерадио уюмунун Ассоциациясы менен биргеликте иштелип чыккан.

  • 2020 жылдын 01-июлунда Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун Кичи Коомдук Кеңештердин мучөлөрүнө “Маалымат пандемия учурундагы санарип сабаттулук” темасындагы окутуу өттү. Бул окутуу «Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоорунун алкаганда бардык облустарда бир катар окутуулардын биринчиси болуп пландаштырылган. Маалымат менен иштөөдө тренерлер катышуучулар менен социалдык тармактардагы, мессенжерлердеги санарип инструменттери менен бөлүшүштү.
  • 2020 жылдын 02-июлунда Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун ЖМКнын өкүлдөрүнө “Маалымат пандемия учурундагы санарип сабаттулук” темасындагы окутуу өттү. Окутуу маалыматты камтыйт:
    - ЖМКнын пандемия учурундагы санарип сабаттулук маалында иштөө;
    - социалдык тармактарда, мессенжерлерде иштөө;
    - фейк пандемиясы жана автордук укук тууралуу.
    Бул окутуу долбоордун алкагында уюштурулган жана аймактарда сапаттуу контентти иштеп чыгуу боюнча ЖМКнын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатууга багытталган.
  • 2020 жылдын 15-сентябрда Талас шаарында, Талас облусуна караштуу ЖМКнын өкүлдөрүнө жана КККнын мучөлөрүнө окутуу өттү. Окутуу пандемия учурундагы санарип сабаттулук темасына арналган. Тренерлер катышуучуларга маалымат пандемиясынын учурундагы социалдык тармактардагы иши, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, фейк маалыматтар жана автордук укукту текшерүү ыкмалары жөнүндө маалыматтар менен бөлүштү. Практикалык иштин жүрүшүндө катышуучулар иш жүзүндө өзүлөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларын жана аккаунттарын изилдеп, түшүнүп адистерден сунуштарын ала алышты.
  • 18 сентябрда Нарын облусунда КККнын мучөлөрүнө окутуу өттү. Окутуу теориялык жана практикалык сабактардын форматында өттү. Программа бир нече тематикалык бөлүмдөрдөн турат, мисалы, мамлекеттик органдарга талапатар менен кантип туура кайрылуу керек, маалыматты интернеттен издөө жана текшерүү, ЖМК менен маалымат пандемия учурунда иштөө, этикеттин социалдык тармактарды негизги эрежелери, санарип гигиенасы жана фейк стрим. Катышуучулар, мындан тышкаары, окутуунун жүрүшүндө жана иш-чарадан кийин онлайн консультация алышат.

  • 19 сентябрда Нарын облусунун журналистери үчүн окутуу уюштурулган. Иш-чарага Нарын облустук мультимедиа борбордун, Жамааттык ЖМКлардын Бирлигинин өкүлдөрү жана башка көзкарандысыз корреспонденттер, жаш блогерлер катышты. Андан тышкаары, теориялык билимди бекемдөө максатында консультациялар, суроолор жана сунуштар учун өзүнчө убакыт бөлүнгөн. Окутуунун жүрүшүндө Нарын облусунун журналистери санарип укук жана социалдык тармактагы жеке баракчанын туура түзүлүшү, Интернет, Google мүнкүнчүлүктөрү жөнүндө билим алышты.
    Окутуунун катышуучулары тренерлер менен биргеликте смартфондо жана башка шаймандарда практикалык тапшырмаларды аткарышты, биргелишкен топторду түзүп, социалдык тармактарда (Facebook, Instagram) жана башка баракчаларды ачкан.
  • 23 сентябрда Жалал-Абад облусунун ЖМКнын өкүлдөрүнө “Маалымат пандемия учурундагы санарип сабаттулук” окутуусу өттү. Катышуучулар: аймактык мультимедиа борбордун журналистери, көзкарандысыз корреспонденттер жана жаш блогерлер. Окутуунун негизги темалары- санарип укук, социалдык тармактарда жана мессенжерлерде иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, жаңы маалыматтык шарттарда ЖМКнын иши.

Жалпысынан караганда ушул окутууларга 150 дөн ашуун журналистер жана КККнын мүчөлөру катышты. Катышуучулар окутуунун актуалдуулугун баалашты. Кээ бир активдүү журналистер көбүрөөк практикалык маалымат алууну каалашты.

2019 жылдын сентябрнан баштап аймактык ЖМКларда онлайн режимде иштөө форматына өтүү процесси башталды, ушундан тартып аймактык мамлекеттик ЖМК кайра түзүү иштери башталды. Эми малекеттик газеталар, радио жана телевидение аймактык медиаборборлорго бириктирилди. Газеталар жана башка басма сөз кызматтары акырындап онлайн форматка өтүүдө жана аймактык сайттарды толтуруунун үстүндө иштеп жатышат.

<< Иш-аракеттер

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.