"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

Кыргызстандагы Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук – ачык медиа” долбоорунун алкагында Медиа Форум өттү.

Медиа форумдун максаты Кыргыз Республикасынын көз карандысыз маалымат мейкиндигин, сөз эркиндигин жана эркин пикир билдирүүнү биргелешип бекемдөө учүн форумдун катышуучуларынын ортосундагы өз ара баарлашуусун түзүү.

Өткөрүү орду:Бишкек шаары, «Достук» мейманканасы, «Империал Конгресс-холл» конференц-залы.

Форумдун катышуучулары: мамлекеттик органдардын, ЖМКлардын, коомдук кеңештердин, эларалык уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү.

Форумдун катышуучуларынын саны: 93, анын 61 аялдар, 32 эркектер.

Модераторлор: журналист Рыскулбеков Эркин жана медиа эксперт Елена Баялинова.

Иш-чара 2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жети облусунан келген медиа эксперттердин, ЖМКнын жана 21 Кичи Коомдук Кенештеринин өкулдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Биринчи бөлугүндө, Густав Штреземанн Институтунун (GSI) директору Уилфрид Кляйн жана эларалык долбоордун координатору - Ханс Борндун видео куттуктоосу көрсөтүлдү. Баардык чакырылган конокторго саламдашуу сөз берилди.

Долбоор менен тааныштыруу максатында изилдөөнүн учурундагы команданын иш сапарлары, сурамжылоо, ошондой эле катышуучулардын маектешүүлөрү (КККнин өкүлдөрү, айыл-өкмөттөрүнун башчылары, ЖМКнын жана жарандык активистер) кыска тасма аркылуу көрсөтүлдү.

Экинчи сессиянын аягында “Prevention Media» онлайн платформасынын негиздөөчүсү А.Исманов “Аймактарды өнуктурүүгө медиа компонентти түзүү” презентациясы менен тааныштырып кетти, ал долбоордун 7 облусунун медиа планы жөнүндө айтып берди.

Медиа форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө, эң аялуу катмарларга (карылар, жалгыз бой энелер, көп балалуу үй-бүлөлөр, жетим балдар ж.б.) салым кошкон жана короновирус пандемиясынын жайылышы менен байланыштуу Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда долбоор менен бирге онлайн-штабда иштеген ыктыярчыларга ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшыруу аземи өттү.

Ошондой эле, медиа форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө 2020-жылдын 2-ноябрынан 20-ноябрына чейин өткөрүлгөн Журналистер сынагынын жыйынтыктарын жарыялоо чечими кабыл алынды. Журналистер жана социалдык тармактардын активдүү колдонуучулар арасындагы “Ачык Кыргызстан” сынагы төмөнкүлөргө багытталган: (i) аудиториянын жана коомдун алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин түшүнгөн журналисттердин ишине салым кошуу, дем берүү; (ii) маалымат алууга жана эркин маалымат мейкиндигинине караштуу Кыргызстандагы коомдун жана мамлекеттик саясатынын көйгөйлөрү боюнча ар кандай көз караштарды жана ой-пикирлерди көмөктөшүү. Журналистер сынагынын женүүчүлөрү дипломдор жана белектер менен сыйланды.

Медиафорумдун жыйынтыгында форумдун чечимдерин, артыкчылыктарын жана аймактардын маалыматтык саясатынын чегин медиа планды ишке ашыруу менен алдыга жылдырууга багытталган Резолюция иштелип чыкты, ал жарандардын өз пикирин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине конституциялык укук кепилдигин берет жана камсыздайт (КРдин Конституциясы, 2 Бөлүм, 2 Глава, 31-берене).

Медиафорумдун катышуучулары медиа форумдун резолюциясына кол коюуну зарыл деп эсептешти.

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.