"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

«Ачык коомчулук – ачык ЖМК» долбоору Европа Биримдигинин колдоосу менен жана Густав Штреземан Институту (Германия), Pro NGO! e.V. (Германия), «Карылар үчүн ресурстук борбору» (Кыргызстан), «Поколение-XXI» коомдук фонду (Кыргызстан) менен жүзөгө ашырылууда жана 2021 жылы Кыргызстандын Нарын, Ысык-Көл облустарында “РЕГИОНАЛДЫК МЕДИА ЖУРНАЛИСТТЕРИ УЧУН ПРАКТИКАЛЫК СЕМИНАР” аттуу практикалык семинарларды өткөрдү.

Программа журналисттерге, пресс -катчыларга, PR-адистерге, блоггерлерге, окуучуларга, ошондой эле көз карандысыз медиа активисттерге арналган. Окуучулар медиа -долбоорлордун форматтары жана түрлөрү, питчинг жана илгерилетүү тууралуу билим алышты. Мындан тышкары, социалдык медиада иштөөнүн, блог жүргүзүүнүн, бардык ыкмаларды бириктирүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн практикалык көнүгүүлөр аркылуу талкуулашты. Семинардын жыйынтыгында баардык катышуучуларга сертификат тапшырылды.

Тренер: медиа эксперт, Алмаз Исманов

Тилдер: орус жана кыргыз


Нарын облусу:
Дата: 06 октябрь, 2021ж.
Дарек: Нарын ш., А. Жусупова 2 көч, «Хан-Тенгри» мейманканасынын залы
Катышуучулар: 31 адам: 9 эркек, 22 аял
Ысык-Көл облусу:
Дата: 08 октябрь, 2021ж.
Дарек:Каракол ш., Бектенов/Абдрахманов көч, “Караван” мейманканасынын залы
Катышуучулар: 32 адам: 13 эркек, 22 аял

<< Иш-аракеттер 

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.