"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

2017-жылдын 5-июну, Бишкек шаары. 2-июнь Жума күнүднө Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” долбоору өзүнүн алгачкы натыйжаларын конференцияда сунуштады. "Коомдук Кеңештер: жетишкендиктер жана чакырыктар" аттуу конференцияга бардык деңгээлдердин жана өлкөнүн региондорунун өкүлдөрү, болжол менен 70 киши катышты. Алардын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, ар кандай коомдук кеңештердин өкүлдөрү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара катышуу департаментинин башчысы Алмаз Кулматов өзүнүн сөзүндө: «Долбоор Кыргыз Республикасынын 2013-2017-ж.ж. туруктуу өнүктүрүү Улуттук Стратегиясынын маанилүү максаттарын колдойт. Өлкөдө жогорку жоопкерчиликти куруу үчүн бизге өкмөт, жарандык коом жана калк өз ара жакшы жана функционалдык катышуусун уюштуруу керек» - деп белгилеп кетти.

Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Коомдук Кеңештердин потенциалын күчөтүүсүн көздөйт. Ошондой эле, Кыргызстандагы социалдык өнүктүрүүнү, Коомдук Кеңештердин мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо аркылуу жана калкты маалымдоону. Коомдук Кеңештер бардык аймактардын жана муниципалитеттердин жарандардынан туруп, өзүнүн ишин ыктыярдуу башталыштарда жүргүзөт. Алар мамлекеттик органдарга жана коомдук институттарга калкка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизишет.

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Делегациясынын операциялык секторунун башчысы, долбоордун менеджери Никола Скарамуццо: «Коомдук Кеңештери жөнүндө билүү жана алар менен өз ара аракеттенүү калк үчүн зарыл. Европа Биримдиги ишенгендей, бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө, ар кандай Коомдук Кеңештерине макулдашылган мыйзамдык колдоо көрсөтүлөт», - деп белгиледи. Скарамуццо мырза конференциянын катышуучуларын "жемиштүү натыйжаларга жетүү үчүн биргелешип иштөөгө" чакырды.

Гайша Ибрагимова долбоордун билим берүү жана изилдөө компонентинин жетекчиси, жүргүзүлгөн изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын кыскача баяндады. Изилдөө жарандардын, Коомдук Кеңештердин мүчөлөрүнүн, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасында жүргүзүлгөн. Изилдөө өзүнө суроо, маек жана фокустук топторду камтыды. Маалыматка ар кандай деңгээлдеги жана өлкөнүн региондорунан 455 адам катышкан.

2010-жылы мамлекеттик органдарынын Коомдук Кеңештери жергиликтүү жана региондук деңгээлде өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү керектүү курал катарында түзүлгөн. Бардык кызыкдар тараптар колдонуудагы практикаларды жакшыртуу боюнча өзүнүн көз-караштарын билдирип, тиешелүү сунуштар беришти. Кызыкдар тараптардын арасында өткөрүлгөн изилдөөнун көрсөтүшүнө ылайык, Коомдук Кеңештердин иши азыркыга чейин төмөнкү деңгээлде тураары, негизинен кайрадан түзүлгөн кеңештеринин тажрыйбасынын жетишсиздигинен.

Берилген сунуштмалар өзгөчө Кеңешке талапкерлерди тандап алуунун критерийлерин аныктоо зарылчылыгын билдиришти. Кеңештердин мүчөлөрүнүн потенциалын күчөтүүдөн тышкары жана Кеңештин сунуштамаларын андан ары сапатын камсыз кылуу үчүн, курам арасында ишти жакшыртуу, мамлекеттик структураларга киргизүү жана мыйзам чыгаруу жол-жоболору сыяктуу эле ой-пикирлер чагылдырылган.

Гайша Ибрагимова Кеңештердин мүчөлөрүнүн биринчи курамына, жаңы институттун пионерлери катарында «биздин өлкөбүздү жакшыртууга умтулгандары үчүн» өзүнүн урматтоосун билдирди.

Адам укуктары боюнча Кеңеш долбоордун жергиликтүү өнөктөшү.  Кеңештин жетекчилиги астында колдонуудагы мыйзамдар каралып, анализ жасалды, аны долбоордун юристтер жумушчу топтун мүчөсү Бектур Тенизбаев сунуштады. Жүргүзүлгөн анализ боштуктарды көрсөтүп жана Коомдук Кеңештерге тиешелүү мыйзамдарды андан ары жакшыртуу үчүн иштиктүү сунуштарды киргизишти. Юристтердин жумушчу тобу бүтүндөй өлкө боюнча Коомдук Кеңештер жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү, андан ары иштеп чыгуу үчүн диалоговый платформаны түзүүнү сунуштады.

"Iseda" Коомдук фондунун Кеңешинин төрагасы Икбол Бахрамова региондордогу Кичи Коомдук Кеңештердин турмушунан мисалдарды сунуш кылды. Бул Кеңештердин Кыргыз Республикасындагы тарыхы узагыраак болот. Алар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү инициативдик топтордон түзүлүшкөн. Ушул убакка чейин алардын иши мыйзамдык деңгээлде бекитилген эмес. Конференциянын катышуучулары Коомдук Кеңештери жөнүндө мыйзамдарга оңдоолорду киргизүүгө чакырышты.

Долбоордун экинчи этабы семинарларга жана тренингдерге, машыктыруучуларды даярдоо программаларында, пресс-конференцияларга, коомдук угууларга жана маалыматтык компанияларга багытталган. Бул этап, чакан гранттар компонентиндей эле бир нече айдын ичинде башталат.

Жаңылыктар жана басылмалар