"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

GSI logoГустав Штреземанн атындагы Институт – Германиянын Бонн шаарындагы Европалык Академиясы (Gustav-Stresemann-Institut e.V. – GSI European Academy Bonn) 1959-жылы негизделип, ишин баштаган.

GSI-тарыхы 1951-жылы Эл аралык Европалык кыймылынын жаштар иштери боюнча Катчылыгы негизделгенде башталган. Катчылыктын негизги максаты демократиялык жана тынч континентти түзүү үчүн Европа жаштарын активдүү катышуусуна дем берүү. Улуттук катчылыктар Батыш Европанын бардык демократиялык мамлекеттеринде ачылган.

1959-жылы немис Катчылыгы улуттар аралык билим берүүнүн жана европалык кызматташтыктын көз карандысыз институту болуп калган. Жаңы Институт Gustav-Stresemann-Institut (GSI) деп аталып, мамлекеттик ишмер жана дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты Густав Штреземанндын урматына аталган (сыйлык 1926-жылында Франциянын Аристид Брианд аттуу коллегасы менен биргеликте алынган).

Адам укуктары боюнча кеңеш (мындан ары - АУК) 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасында өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.

АУК адам укуктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга жана конструктивдүү баарлашууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн негизделген. АУКтун негизги иши - адам укуктарын сактоо маселелери боюнча калыс, ишенимдүү маалыматтарга мониторинг жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу болуп саналат. АУКтун негизги стратегиялык максаты - жарандык коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө көмөктөшүү, өлкөдөгү адам укуктарын өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга, мыйзамдын толук иштешине колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2011-жылы, АУКтун адам укуктары боюнча аймактык өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында (Ош шаарында) өз ишмердигин баштаган. Өкүлчүлүктүн ишмердигинин алкагында, өлкөнүн түштүгүндөгү адам укуктарын сактоо жана коргоо боюнча кырдаал көзөмөлгө алынып турат.