"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

Адам укуктары боюнча кеңеш (мындан ары - АУК) 2005-жылдан тартып Кыргыз Республикасында өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.

АУК адам укуктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга жана конструктивдүү баарлашууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн негизделген. АУКтун негизги иши - адам укуктарын сактоо маселелери боюнча калыс, ишенимдүү маалыматтарга мониторинг жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу болуп саналат. АУКтун негизги стратегиялык максаты - жарандык коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө көмөктөшүү, өлкөдөгү адам укуктарын өнүктүрүүгө жана алга жылдырууга, мыйзамдын толук иштешине колдоо көрсөтүү болуп саналат.

2011-жылы, АУКтун адам укуктары боюнча аймактык өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын түштүк аймагында (Ош шаарында) өз ишмердигин баштаган. Өкүлчүлүктүн ишмердигинин алкагында, өлкөнүн түштүгүндөгү адам укуктарын сактоо жана коргоо боюнча кырдаал көзөмөлгө алынып турат.

Учурдагы долбоорлор

  1. Жыл сайын Кеңеш тарабынан «Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндө мамлекет менен жарандык коомдун өз ара кызматташуусу» форуму өткөрүлүүдө («Кыргыз Республикасында адам укуктары боюнча ар жылдыктын» сунуштарын аткаруу»). Форумдун ишине Ар жылдыктын авторлорунун, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын сунуштарын ишке ашыруу жана кыйла актуалдуу проблемаларга андан ары моноторинг жүргүзүү мүмкүндүгүн талкуулоо максатында, дарегине ушул сунуштар жөнөтүлгөн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда. 2009-2016-ж.ж..
  2. «КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатуу» («Кыргыз Республикасындагы жарандардын жана адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо» тууралуу ар жылдык баяндама даярдоо боюнча консультациялык тейлөө көрсөтүү, квалификация жогорулатуу курстарын өткөрүү), 2015-2016-ж.ж..
  3. «Кыргыз Республикасындагы укуктук үстөмдүккө жана адам укуктарынын ишке ашуусуна көзөмөл жүргүзүүдө мамлекет жана жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү» (мамлекеттик мекемелердин жана жарандык коомдун катышуусунда тематикалык пикир алышуу жолугушууларын уюштуруу жана катышуу», 2016-2017-ж.ж..
  4. «Кыргыз Республикасындагы укуктук үстөмдүккө жана адам укуктарынын ишке ашуусуна көзөмөл жүргүзүүдө мамлекет жана жарандык коомдун өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү» (Кыргыз Республикасында адам укуктары боюнча ар жылдыктар», 2016-2017-ж.ж..

Адам укуктары боюнча кеңештин жыйындары

Жыл сайын, Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөлөрү жыйынга чогулат (бир жылда 5-6 жолу), анда адам укуктары чөйрөсүндөгү кыйла актуалдуу көйгөйлөр  жана окуялар талкууланат жана чечимдер кабыл алынат, аларга ылайык АУКтун мындан кийинки ишмердигинин максаттуу багыттары аныкталат. Кеңештин атынан өлкөдө болуп жаткан актуалдуу саясий жана социалдык окуялар боюнча кайрылуулар жана билдирүүлөр жайылтылат.