"Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү" Долбоору

Бишкек, 2017-жылдын 11-сентябры. «Кыргызстандагы Коомдук Кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү” долбоору август айында экинчи этабы ишке ашырыла баштады. 300дөн ашык катышуучулар менен бир нече конференциялар жана тренингдер өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, коомдук кеңештер жөнүндө мыйзамдык базасында керектүү өзгөртүүлөр ачык диалог аркылуу жарандык коом уюмдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле коомдук кеңештердин мүчөлөрү менен акылдашкан. Кеңештер тийиштүү аймактардын жана муниципалитеттердин ыктыярдуу жарандардан турат. Алар бийликке жана мамлекеттик мекемелерге ишти жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча сунуштарды киргизишет.

Бул тематикалык жолугушуулар адам укуктары боюнча Кеңештин жетекчилигинин алдында учурдагы мыйзам базасынын жүргүзүлгөн талдоосунда негизделген. Талдоонун натыйжасында айрым узгултуктор аныкталып коомчулукка андан ары мыйзамдарды жаңыртуу боюнча көрсөтүлүштор сунушталган. 2018-жылдын жай мезгилинде долбоордун аяктаганына чейин ушуга байланыштуу тематикалык жолугушуулардын катышуучулары азыркы учурда өздөрүнүн сунуштарын даярдап жатышат.

Ошондой эле, мурда жүргүзүлгөн талдоонун керектөөлөрүнүн натыйжасында коомдук кеңештердин жана жарандык коомдун уюмдарынын мүчөлөрү үчүн окуу курстары башталган. Тренингдер чоң суроо-талапка ээ болуп, өлкөнүн жана коомчулугунун өнүктүрүү жана маалыматтык-коммункациондук технологияларды пайдалануу, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде жарандардын кызыкчылыгында көп түрдүүлүк, жергиликтүү жана аймактык бийлик органдарынын мониторинг жүргүзүү, же сүйлөшүүлөр негиздери жана кызматташтык сүйлөшүү жүргүзүү темаларын козгошот.

Мындан тышкары, "Журналистика чечимдери" деген тема боюнча семинарлар өткөрүлүп жатат, алардын жүрүшүндө катышуучулар кыргызстандык жалпыга маалымат кызматтарын өнүктүрүү тууралуу талкуулашат. Алдыдагы октябрь айындагы жаңы Президенттик шайлоого байланыштуу, алар азыркы учурда өкмөт мүчөлөрүнүн жана өлкөнүн жарандарынын тарабынан өзгөчө көзөмөлү алдында турат.

Жакынкы айларда башка аймактарда тематикалык жолугушуулар жана окутуу боюнча иш-чаралар улантылат.

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган долбоордун максаты Кыргызстандагы социалдык өнүктүрүү аркылуу коомдук кеңештерди күчөтүү жана алардын потенциалын түзүү, өз мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу жана бекемдөө болуп саналат.

Жаңылыктар жана басылмалар