"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - Ачык ЖМК» долбоору «Долбоордун кичи-гранттын компонентинин жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү» темасындагы иш-чара өткөрдү.

Жолугушуу 2021-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында өттү.

Катышуучулардын саны: 30, анын ичинен 18 кичи гранттын өкүлдөру, 9 журналист жана 3 өнөктөш.

Жолугушууда ишке ашырылган демилгелердин жыйыктыктарынын негизинде коомдо алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана маалымдуулугу боюнча командалык долбоорлордун презентациялары болду. Бардык катышуучуларга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.

Кичи-гранттар сынагына негизги тапакерлер жарандык коомунун уюмдары Кичи Коомдук Кеңештер (ККК) жана медиа өкүлдөрү болду.

Демилгелелердин негизги темалары:

  • «Мигранттар балдарынын татыктуу келечекке карай укуктары»;
  • «Нарын облусунун КККтер тармагынын мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу жана ЖМКры менен кызматташуу;
  • «Ысык-Көл облусу боюнча өнөктөштө мигранттардын аярлуулугун кыскартуу»;
  •  «Медиа ресурс жарандардын жашоо сапатын жакшыртуудагы каражат»;
  • «Баткен облусундагы төрт КККтер үчүн позитивдүү коммуникацияларды өнүктүрүүдөгү жана алдыга жылдыруудагы миграция маселелер боюнча медиа-технологиялар»;
  • «Талас облусунда КККтер менен ЖМКры өз ара аракеттенүүсүндөгү адам укугун коргоо»;
  • «Айыл аялдарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу»;
  • «Эл-Үнү» Медиа борборунун ачылышы».

<< Иш-аракеттер