Европа Биримдигинин «Ачык коомчулуктар - Ачык ЖМК» долбоору «Долбоордун кичи-гранттын компонентинин жыйынтыктарынын көрсөткүчтөрү» темасындагы иш-чара өткөрдү.
Жолугушуу 2021-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарында өттү.
Катышуучулардын саны: 30, анын ичинен 18 кичи гранттын өкүлдөру, 9 журналист жана 3 өнөктөш.
Жолугушууда ишке ашырылган демилгелердин жыйыктыктарынын негизинде коомдо алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу жана маалымдуулугу боюнча командалык долбоорлордун презентациялары болду. Бардык катышуучуларга ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.
Кичи-гранттар сынагына негизги тапакерлер жарандык коомунун уюмдары Кичи Коомдук Кеңештер (ККК) жана медиа өкүлдөрү болду.
Демилгелелердин негизги темалары:
- «Мигранттар балдарынын татыктуу келечекке карай укуктары»;
- «Нарын облусунун КККтер тармагынын мүчөлөрүнүн дараметин жогорулатуу жана ЖМКры менен кызматташуу;
- «Ысык-Көл облусу боюнча өнөктөштө мигранттардын аярлуулугун кыскартуу»;
- «Медиа ресурс жарандардын жашоо сапатын жакшыртуудагы каражат»;
- «Баткен облусундагы төрт КККтер үчүн позитивдүү коммуникацияларды өнүктүрүүдөгү жана алдыга жылдыруудагы миграция маселелер боюнча медиа-технологиялар»;
- «Талас облусунда КККтер менен ЖМКры өз ара аракеттенүүсүндөгү адам укугун коргоо»;
- «Айыл аялдарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу»;
- «Эл-Үнү» Медиа борборунун ачылышы».