"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

GSI logoГустав Штреземанн атындагы Институт – Германиянын Бонн шаарындагы Европалык Академиясы (Gustav-Stresemann-Institut e.V. – GSI European Academy Bonn) 1959-жылы негизделип, ишин баштаган.

GSI-тарыхы 1951-жылы Эл аралык Европалык кыймылынын жаштар иштери боюнча Катчылыгы негизделгенде башталган. Катчылыктын негизги максаты демократиялык жана тынч континентти түзүү үчүн Европа жаштарын активдүү катышуусуна дем берүү. Улуттук катчылыктар Батыш Европанын бардык демократиялык мамлекеттеринде ачылган.

1959-жылы немис Катчылыгы улуттар аралык билим берүүнүн жана европалык кызматташтыктын көз карандысыз институту болуп калган. Жаңы Институт Gustav-Stresemann-Institut (GSI) деп аталып, мамлекеттик ишмер жана дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты Густав Штреземанндын урматына аталган (сыйлык 1926-жылында Франциянын Аристид Брианд аттуу коллегасы менен биргеликте алынган).

«Карылардын Ресурстук Борбору» коомдук бирикмеси (мындан ары «КРБ» КБ) – 1991-жылы Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдардын маселелерин чечүү үчүн түзүлгөн коомдук бирикме.

Биз кандай иштерди жасайбыз?

«КРБ» коомдук бирикмеси уюушкан күндөн тартып, бирикменин ишмердүүлүгү улуу муундардын жана аярлуу топтордун маселелерин чечүүгө жана алардын кызыкчылыктапын илгерилетүүгө багытталган.

Биздин миссия– улгайган жарандардын кызыкчылыктарын коргоо, алардын жашоо шарттарын жакшыртуу, жарандык демилгелерди илгерилетүү, ошондой эле Кыргыстандагы улуу муундарга карата мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүү.

Коммерциялык эмес уюмдар (КЭУ) уюштурган көпчүлүк долбоорлор жакшы идеядан жана олуттуу шыктануудан башталат жана жакшы жыйынтыктарга жетет.

Бирок долбоорлорду даярдоодо жана ишке ашырууда көп учурда кесипкөй тажрыйба жана натыйжалуулук жетишпейт. Pro NGO! 1998-жылдан бери бул көйгөйдү жеңүүнүн үстүнөн иштеп келет.

Pro NGO! максаты КЭУ демилгелерин бизнес боюнча адистердин тажрыйбасы менен бириктирүү аркылуу алардын ишинин жалпы жыйынтыгын жакшыртууга багытталган.

Биз ар кайсы жааттагы эксперттерди камтыган көп профилдүү команда жакшы долбоордук ишке карай ачкыч болот деп эсептейбиз.

«21чи муун» Коомдук Фонду 2011-жылы түзүлгөн. Фонддун негизги максаты социалдык сюжеттерди түзүүгө жана журналистикалык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.

2011-2012- жылдары, «СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» ФОНДунун колдоосунда балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларга багытталган 12 бөлүмдөн турган видеосюжеттерди даярдаган.

http://soros.kg/archives/11555

2012-жылы XXIчи муун фондунун директору «Бир Дуйно Кыргызстан 2012» кинофестивалынын лауреаты болгон. «Мүмкүнчүлүгү чектелгендерне пандустар» (авторлор Азизбек Джаналиев жана Болот Сатаркулов, 10 мүнөт, 2012)

Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.