"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

GSI logoГустав Штреземанн атындагы Институт – Германиянын Бонн шаарындагы Европалык Академиясы (Gustav-Stresemann-Institut e.V. – GSI European Academy Bonn) 1959-жылы негизделип, ишин баштаган.

GSI-тарыхы 1951-жылы Эл аралык Европалык кыймылынын жаштар иштери боюнча Катчылыгы негизделгенде башталган. Катчылыктын негизги максаты демократиялык жана тынч континентти түзүү үчүн Европа жаштарын активдүү катышуусуна дем берүү. Улуттук катчылыктар Батыш Европанын бардык демократиялык мамлекеттеринде ачылган.

1959-жылы немис Катчылыгы улуттар аралык билим берүүнүн жана европалык кызматташтыктын көз карандысыз институту болуп калган. Жаңы Институт Gustav-Stresemann-Institut (GSI) деп аталып, мамлекеттик ишмер жана дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын лауреаты Густав Штреземанндын урматына аталган (сыйлык 1926-жылында Франциянын Аристид Брианд аттуу коллегасы менен биргеликте алынган).

1961-жылы GSI конференцияларды өткөрүү үчүн зарыл жана керектөчүүлөр менен Кельн шаарынан алыс эмес өзүнүн жаны имаратына көчүрүлгөн. Бул борбор жылдан жылга өнүгүп жана таанымал болуп, алдыңкы билим берүү борбору Лербах атындагы Европа Академиясы деп аталган.

1987-жылы Бонн шаарында жаңы ири конференц борбору ачылган. Бонн шаарындагы Европалык GSI конференциялар жана окутуу борбору көз карандысыз, партияларга тиешеси жок, коммерциялык эмес жарандарды кесиптик даярдыкка окуткан институт болуп саналат. GSI Түндүк Рейн-Вестфали районунда аккредитацияланган. Түндүк Рейн-Вестфалиеде эң маанилүү жана административдик ири райондордо саясий билим берүү институту болуп саналат. Институт жыл сайын бүткүл дүйнөдөн 100.000 катышуучуларды окутуп, 2.000 ашык семинарларды жана конференцияларды өткөрөт.

GSI максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Европалык жана эл аралык контекстте жарандарды окутуу;
  • Бардык курактык топтордун адамдарын ХХІ кылымдын татаал социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө даярдоо үчүн кеңири диапазонун окутуу программаларынын жардамы аркылуу;
  • Европалык интеграцияны жана эл аралык кызматташууну алга жылдыруу;
  • Германия, Европа жана башка континенттердин ар түрдүү кесиптик, билим берүү жана социалдык деңгээлиндеги адамдарды бириктирүү;
  • Конструктивдүү пикир алмашуу жана талкууларды демилгелөө;
  • Критикалык ой-пикирлердин түзүү;
  • Демократиялык жоопкерчилик сезимин жогорулатуу.

Азыркы учурда GSI билим берүү программасы төмөндөгү багыттарды камтыйт:

  • ХХІ-кылымдын жалпы саясатында Европанын ролу
  • Эл аралык саясаттын жана кызматташтыктын жаңы аспектилери
  • Европа жана Жакынкы-Чыгыш конфликт саясатын жөнгө салуу
  • Европалык интеграцияны тереңдетүү: бирдиктүү экономикалык жана финансылык-кредит системасы, ички коопсуздук көйгөйлөр
  • Европа саясаттын коопсуздугунун жалпы кабыл алынган келечеги, Европа Биримдигинин негизги укуктары
  • Европаны кеңейтүү: Европалык Союз жана талапкер-мамлекеттердин өбөлгөлөрү, негизинен Балканда
  • Өнүктүрүү саясаты/ Түндүк-Түштүк саясаты, атап айтканда Бонн шаарындагы 18 жаңыдан түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атайын Катчылыктарынын контекстинде
  • Батыш-чыгыш жагындагы карата жаңы көз карандысыз мамлекеттериндеги башкаруу кызматташтыгын, өнүгүү, жергиликтүү бийлик органдарын жана жарандык коомдук уюмдарын чыңдоо
  • Түзүмдүк өзгөртүүлөр, жалпы жыргалчылык реформалар, жалпыга маалымдоо каражаттар, ар түрдүү маданий кызматташтык, гендик инженерия, миграция ж. б. сыяктуу орун алган экономикалык жана социалдык проблемалар
  • Мыйзам жана саясат, өзгөчө жаңы эксперттер үчүн каралган
  • Ксенофобияга, оң канат экстремизимине, Германияда жана Европадагы зомбулукка каршы күрөш
  • Адамдардын ортосундагы гумандык мамилелер, атап айтканда, жаш адистер жана өспүрүмдөр ортосунда, анын ичинде социалдык аялуу сектор топтун алыскы облустарында
Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.