«21чи муун» Коомдук Фонду 2011-жылы түзүлгөн. Фонддун негизги максаты социалдык сюжеттерди түзүүгө жана журналистикалык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган.
2011-2012- жылдары, «СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» ФОНДунун колдоосунда балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларга багытталган 12 бөлүмдөн турган видеосюжеттерди даярдаган.
http://soros.kg/archives/11555
2012-жылы XXIчи муун фондунун директору «Бир Дуйно Кыргызстан 2012» кинофестивалынын лауреаты болгон. «Мүмкүнчүлүгү чектелгендерне пандустар» (авторлор Азизбек Джаналиев жана Болот Сатаркулов, 10 мүнөт, 2012)
2014-жылы «21чи муун» коомдук фонду, Ыссык-Көлдүн экологиясына багытталган экологиялык видеосюжеттери үчүн «Каспий Лотосу» эл аралык экологиялык кинофестивалынын «Жылдын медиасы» номинациясын жеӊүүчүсү болгон.
2017-жылы «21чи муун» коомдук фонду "Биздин укук» коомдук фонду менен биргеликте - адам укуктары жаатындагы мыкты журналисттик иликтөөлөр боюнча улуттук конкурсунун жеӊүүчүсү болгон.
2018-жылы «21чи муун» коомдук фондунун директору Сатаркулов Болот "Умтулуу - 2018" улуттук сыйлыгынын онлайн журналистикалык изилдөө номинациясынын жеӊүүчүсү болгон.
2018-жылы «21чи муун» коомдук фондунун директору Сатаркулов Болот "Умтулуу - 2018" улуттук сыйлыгынын Телеберүүдөгү журналистикалык иликтөө номинациясынын жеӊүүчүсү болгон.
http://www.media.kg/news/ceremoniya-vrucheniya-nacionalnoj-premii-stremlenie-2018/
2019-жылы «21чи муун» коомдук фондунун журналисти Адиль Турдукулов, Уланбек Эгизбаев атындагы журналистикалык иликтөөлөр фондунун "Умтулуу - 2019" диплому менен сыйланган.
2018-2019-жылдары «21чи муун» коомдук фонду Кыргызстандагы Интерньюстун колдоосунда, социалдык темадагы адам укуктарын коргоо боюнча 12 бөлүктөн турган видеосюжеттерди даярдаган.