"Ачык коомчулук – ачык маалымат каражаттары" Долбоору

Долбоор жөнүндө:
Кыргызстан үчүн (2018-2019) Европалык демократия инструменти жана адам укугун (ЕДИАУ) колдоо өлкөлүк схемасы

Долбоор:
«Сөз эркиндигин, отчеттуулукту жана адам укугун алдыга жылдыруу үчүн демократиялык платформа катары коомдук кеңештер менен ЖМКнын өнөктөштүгү»

Жалпы максат:
Кыргызстанда эркин маалымат мейкиндигин, сөз эркиндигин жана көз карашты калыптандыруу жана колдоо аркылуу адамдын эркиндигин жана укугун коргоону илгерилетүү.

Долбоордун узактыгы:
Ноябрь 2019 - декабрь 2021

Долбоордон пайда алуучулар жана өнөктөштөр:
Акция жергиликтүү деңгээлде Кыргызстандын 7 облусунда 21 коомдук кеңеш түзүүгө багытталган. Жергиликтүү жамааттар да, жергиликтүү бийликтин органдары да кыймыл-аракеттерин ишке ашырууда жана өзүнүн дараметин бекемдөөдө аярлуу топтордун арасында өзүнүн көз карашын эркин билдирүүдө негизги ролду ойнойт, аларга ой-пикирин жана өздөрүнүн муктаждыктары тууралуу тартынбай ачык-айкын айтууга мүмкүндүк беришет. 
Улуттук деңгээлде негизги кызыкдар тараптар тармактык министриликтер жана ведомстволор, Парламент, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Акыйкатчынын аппараты болуп саналат. Бул топ мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бийлик катары таасирдүү, ошондуктан алардын көз карашы боюнча көзөмөлдөө жана жөнгө салуучу орган катары адам укугу боюнча маселелерди чечүүнү өнөктөштөр менен өнөктөштүктө илгерилетишет. 
Жарандык коомдун уюмдары жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр долбоордун маанилүү катышуучулары болуп саналышат, алар чоң натыйжага жетишүү үчүн бирин-бири толуктоону жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн негизги иш-чараларга тартылышат. 
Жалпыга маалымдоо каражаттары долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири болушат. 

Долбоордогу ишмердүүлүк:

  1. Дараметтин кемчиликтерин баалоо жана талдоо/ максаттуу топтордун керектөөлөрүн баалоо - укук ээлерин жана жооптуу адамдардын - борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын; 
  2. Жергиликтүү жана мамлекеттик органдардын ЖМК менен өз ара аракеттенүүсүн Кыргызстанда эркин маалымат мейкиндигин, сөз эркиндигин жана көз карашты колдоо иретинде түшүнүү. Аймактарда коомдук кеңештердин, жарандык коомдун активдүү өкүлдөрүнүн, мамлекеттик кызматкерлердин жана журналисттердин катышуусу менен үзгүлтүксүз коомдук аянчаларды өткөрүү; 
  3. Журналисттер жана жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги коомдук кеңештер үчүн кароо-сынактарды өткөрүү; 
  4. Эң мыкты заманбап технологияларды колдонуу менен жарандардын укук бузуулар боюнча кайрылууларына ыкчам жооп кайтарган, мындан тышкары акысыз юридикалык кеңештерди берген адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн, юрист жана башка эксперттердин катышуусунда түз эфирлерди уюштуруу; 
  5. Долбоордун учурдагы социалдык баракчаларын социалдык тармактарда платформа катары түзүү жана пайдалануу, ага бардык жарандар өздөрүнүн кайрылууларын жөнөтө алышат жана фактыларды кайра текшергенден кийин ал маалымат бардыгына жалпыга жеткиликтүү болот; 
  6. Муктаждыктарын канааттандыруу аркылуу дараметин күчөтүү: максаттуу топтордун керектөөлөрүнүн негизинде тренингдерди өткөрүү;
  7. Коомдук кеңештерге кичигрант берүү жана медиа-өнөктөштөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу аркылуу жактоочулар кампаниясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу: медиа-стратегия, ТОТ, бренд-бук, социалдык тармактарда иштөө, сайттарды иштеп чыгуу; 
  8. Билим алмашуу: окуу куралдарын, аярлуу топтордун укугун коргоо боюнча колдонмолорду, маалыматтык китепчелерди, видеороликтерди, башка басылмалар үчүн роликтерди иштеп чыгуу; 
  9. Көчмө иш жана коомдук жолугушуулар жана угуулар, форумдар, тегерек столдор жана конференциялар.
Биз "сookie-куки" файлдарын биздин сайтта колдонобуз. Кээ бир файлдар (cookie материалдарын көзөмөлдөө) сайттын иштѳѳсүнѳ жана колдонуучунун тажрыйбасы жакшыртууга жардам берет, ал эми алардын ичинен кээ бирлери, сайттын иштөөсүн камсыз кылууга зарыл.
Сиздер куки файлдарын колдонууга уруксат берүү же бербѳѳ боюнча чечимди ѳзүңүздѳр кабыл аласыздар. Кѳңүл бурчу нерсе: эгер куки материалдарын колдонууга урукчат бербеген учурда, сайттын баардык функцияларын колдоно албай каласыздар.